1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

40

Акыл таймашы

«2024-жыл Заманбап Кыргыз мамлекетинин жылы”,  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл жана мамлекетти түптөгөн аталар, атактуу инсандар жөнүндө, Кыргыз тили күнүнө” карата Табигый техникалык факультетинде окуган  студенттер арасында “Даанышман” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.  

Оюн 2024-жылдын 5-ноябрь факультеттин Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын 308-аудиторияснды болду.

Оюнду декандын окуу иштери боюнча орун басары Бакиров Асхат  ачып берип, катышуучуларга ийгиликтерди каалап командаларды активдүү катышууга чакырды. Оюндун жүрүшүндө үч багытта “Атактуу инсандар”, “Кыргыз тили жана каада салт” “Логикалык” суроолор болду. 3 адамдан турган топ калыстык кылып, оюнчулардын эмгегине баа беришти.

Оюнга  4 команда катышып, төмөнкү орундарга ээ болушту:

1-орун “Шумкарлар” командасы Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо кафедрасы — 33 упай;

2-орун “Интеллект” командасы Табигый-илимий билим берүү кафедрасы —32,5 упай;

3-орун “Ак Илбирс” командасы Ветеринардык медицина кафедрасы —24 упай

Катышуучулардын  ичинен “Мыкты оюнчуну”  деп “Интеллект” командасынын мүчөсү Махамадали кызы Разия табылды.

Студенттердин окууга болгон кызыгуусун, акыл эс тутумун жакшыртуу жана акыл денесин, достукту күчөтүү максатында мындай интеллектуалдык              таймаштар факультетте тынымсыз уюштурулуп турмакчы.