1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

113

Факультеттин жаштар комитетинин курамы бекитилди

     Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинде декан менен студенттердин кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга факультетин деканы Ж. Б. Шамиев, тарбия иштери боюнча декандын орун басары А. О. Болотбеков жана факультеттин студенттери катышты. Жыйында факультеттин жаштар комитетинин курамы бекитилди.

     Жаштар комитетине 1-2-3-курста окуган  окууда жана коомдук иштерде активдүү катышкан балдар, кыздар мүчө болушту.

     “Жаштар комитети негизинен студенттер менен бизди байланыштырып туруучу көпүрө жана университетибиздин, факультетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошо турган жаштар. Жаңы бекитилген курам менен буйруса алдыга койулган иш-пландардын бардыгын ишке ашырабыз деген үмүттөмүн жана комитеттин ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаймын” – дейт факультеттин деканы Ж. Б. Шамиев.