Студенттин келечеги кимдин колунда
2024-жылдын 24-апрелинде ТТФнын электроэнергетика жана механика кафедрасында студенттер, ата-энелер жана ТТФнын деканы, кафедралык профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда "Студенттин келечеги кимдин колунда"аталыштагы кереге кеңеш болуп өттү. Алгач ТТФ деканы т.и.к., доцент Шамиев Ж.Б сөз сүйлөп студенттердин сабакка катышуусун жана жетишкендиктерин белгилей кетти.
Кереге кеңештин темасына ылайык ЭЭ жана М кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Кокумбаева К.А ата-энелерге университет, кафедра, практика базасы, бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалымат берди жана ар бир тайпанын кураторлору студенттердин сабакка келип кетүүсү, жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышуусу жөнүндө сөз сүйлөштү. Кереге кеңештин жүрүшүндө ата-энелер менен окутуучулар, студенттер арасында суроо жооп болуп, электроэнергетика жана электротехника багытында окуган студенттерден жана ата-энелерден университетте берилип жаткан билимге канчалык деңгээлде канаттаандырарын жана окуу тарбия иштеринин уюштурулушунун сапатын билүү максатында ЭЭ жана М кафедрасы тарабынан сурамжылоо (анкетирование) жүргүзүлдү.
Кеңештин аягында ата-энелерге окуу жай ичинде экскурсия өткөрүлүп, адистик боюнча профориентация иштери камтылган буклеттер таратылды жана кафедра тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Кереге кеңеш өзүнүн максатына жетти. Ата-энелер менен кафедра ортосунда кызматташууну күчөтүү жөнүндө резолюция кабыл алынды.