1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

1 год назад

411

1

ВИЧ/СПИД жана гепатит илдеттерин алдын алуу боюнча тарбиялык иш-чара

Калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы облустагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын 2024-жылдын 11-апрелиндеги кезексиз жыйынында каралган ВИЧ/СПИД жана гепатит илдеттери боюнча социалдык-медициналык жардамдын абалы, Жалал-Абад облусунда кызамык илдетинин эпидемиялык абалы №06-2042-буйругун аткаруу максатында университетте билим алып жаткан студенттерге 23-апрель күнү түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Түшүндүрүү иштерин Репродуктивдик ден соолук боюнча Жалал-Абад Альянсынын өкүлдөрү ЖАМУнун филология факультетине келип жүргүзүштү. Алар альянстын жаштар комитетинин төрагасы Абсаматов Оомат жана эки волонтер Салиев Жусуп менен Султаналиев Батырбек болду. Аталган оорулар жөнүндө кеңири маалымат беришип, оорулардын жугуу жолдорун жана алардан кантип сактануу керек экендигин түшүндүрүп кетишти. Ооруп калган адамда кандай белгилер байкалат тургандыгын,  аларга кандай чара көрүш керектигин жана өздүк гигиенаны туура сактоо элди ар кандай жугуштуу оорулардын жугуп калуусунун алдын алышын түшүндүрүштү.