1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

230

ЖАМУнун мыктылары аныкталды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөрүлгөн "Мыкты профессор", "Мыкты доцент",  "Мыкты улуу окутуучу",  "Мыкты окутуучу " аталыштагы конкурстун жыйынтыгы чыкты.

Конкурска ЖАМУнун бардык факультеттери жана колледждеринен ,жалпысынан 14   окутуучу катышышты. Бул конкурста филология факультетинин орус филологиясы кафедрасынан филология илимдеринин кандидаты, доцент Диляра Айылчиева 1-орун, англис тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Миргүл Төрөмаматова 1-орунду  ээлешип I даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Жеңүүчүлөрдү ийгиликтери менен куттуктайбыз.