1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

КАРЫЯЛАРДЫН БАТАСЫН АЛГАН КҮН

1-октябрь – Эл аралык карылар күнү. Ушул күндүн алкагында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун директору Ч.А.Асылбекова жетектеген окутуучулар жана студенттер жамааты кайрымдуулук сапар менен карылар үйүнө барышып, алардын көңүлүн көтөрүп кайтышты.

Иш-чаранын негизги максаты  жаш муундун улуу муунга болгон урмат-сыйын иш жүзүндө көрсөтүү, алардын турмушуна аз да болсо жылуулук тартуулоо болду. Институттун жамааты тарабынан даярдалган азык-түлүк жана керектүү буюмдар карылар үйүнүн жашоочуларына тапшырылып, жылуу каалоо-тилектер айтылды. Бул сапар жөн гана жардам эмес, көңүл буруу, жылуу сөз айтуу, адамдык ызаат көрсөтүүнүн көркөм белгиси катары бааланды. Студенттер да бул сапардын чыныгы таалим-тарбиялык маанисин түшүнүп, коом алдындагы социалдык жоопкерчиликти канчалык мааниге ээ экенин терең түшүнүшүп, майрам ээлери менен маектешип, берген батасын алып, кубанычтуу жүз менн кайтышты.

Мындай аракеттер жаштардын адамгерчиликке, боорукерликке жана руханий баалуулуктарга негизделген тарбиясын чыңдоо менен бирге, коомубузда муундар аралык ынтымакты бекемдөөгө чоң салым кошот