1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Филология институтунда 9-сентябрь - Комуз күнү белгиленди 

Кыргызстанда ар жыл сайын 9-сентябрда Комуз күнүн белгиленет. Бул дата 2019-жылы Президенттин жарлыгы менен бекитилген. Ага ылайык, Филология факультетинин студенттери да бул иш чарадан четте калган жок. Институттун директору Чырашкан Айтмырзаевна коллективи менен  чакан иш-чара уюштурду. Анда талантту студенттер комузда кол ойнотуп, кыргыз күүлөрүн чертишти. Комуз күнү Кыргызстандагы калктын биримдигин чыңдоого жана улуттар ортосундагы маданий байланышты кеңейтүүгө багытталган. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күнгө келип жетти.