Филология факультетинин 2024-2025-окуу жылындагы аткарылган иштери боюнча жылдык очеттук жыйыны

2025-жылдын 1-июлунда филология факультетинде 2024-2025-окуу жылындагы аткарылган иштери боюнча жылдык очеттук жыйыны болуп өттү. Жыйынды факультеттин деканы, ф.и.к. Чырашкан Айтмырзаевна жетектеди. Күн тартибине факультеттин окуу жылы ичиндеги окуу иштери, окуу-усулдук иштери, илимий-изилдөө иштери жана коомдук-тарбиялык иштери боюнча аткарылган иштердин отчеттору угулду.
Ч. Айтмырзаевна алгач филология факультетинин окуу иштери боюнча жыл ичиндеги аткарылгын жана аткарылбай калган сааттар боюнча маалыматын берди. Ошондой эле филология факультетинде студенттердин жалпы саны жыл башында – 567 студент болуп, жыл аягында – 561 студент, студенттердин кыймылына байланыштуу 6 студент окуу жылында азайгандыгын билдирди. Ошондой эле модулдардын анализдери боюнча жыйынтыгынын пайыздык көрсөткүчтөрү айтылды.
Андан кийинки сөз факультеттин окуу-усулдук иштери боюнча жетекчиси Г. Жороевга берилди. Ал өз сөзүндө жыл ичинде аткарылган факультеттеги жалпы окуу-усулдук иштерге кеңири токтолду. Жыл башынан бери НББПны талкуулоо, өз билимин өркүндөтүү боюнча курстан өткөн окутуучулар, ачык сааттардын өткөрүлүшү, өз ара сабакка катышуу, республикалык конкурстарга катышкан окутуучулар, академиялык мобилдүүлүк, үгүт иштери, жумуш ордунда окутуу, практикалардын конференциялары ж.б. боюнча ар бир кафедрада өткөрүлгөн иш-чараларга токтолуп айтып өттү. Ошондой эле ФФнын кыргыз тили кафедрасынын студенттери “Билги” республикалык сынагында 2-орунду ээлегендигин баса белигледи. Университеттик деңгээлде өткөрүлгөн “Окутуунун инновациялык методдору” семинары уюштурулуп, ага бардык кафедралар активдүү катышкандыгын белгиледи.
Факультетте жарык көргөн эмгектер боюнча И. Абдувалиевдин “Кыргыз тилинин лексикологиясы”, “Аалам ачкычы – илим” китептери, Г. Бакированын 2 окуу-усулдук комплекси, немец тили кафедрасында бир топ окуу-усулдук эмгектери жарык көргөндүгүн айтып өттү.
Кийинки сөз Арсланбекова Насыйкат эжекеде болду. Ал өз сөзүндө жыл ичинде аткарылган филология факультетинин илимий иштер боюнча отчетун берди.
Жыл ичинде ФФда 10 илимий-практикалык конференциялар өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Жалпы факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү үчүн 40 конференция болгон, анын ичинен окутуучуларыбыз 18 эл аралык конференцияга катышкан. Ал эми магистранттар, студенттер үчүн 43 конференция болгон жана катышышкан.
Факультеттин студенттери аймактык студенттердин олимпиадасына катышып, байгелүү орундарга жетишкендигин баса белгиледи. (1-орунга 4 студент; 2-орунга 2 студ; 3-орунга 2студент ээлешкен).
Жыл ичинде жалпы жарыяланган макалардын саны 55 болгон. Анын ичинде SCOPUSка жөнөтүлгөн макалардын саны – 12, 5 макала жарыкка чыккан.
Илимий даражасы изденип алуу боюнча доктордук, кандидаттык илимий даражасын алуу боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан окутуучуларды белгилеп атады.
Факультетте иштеп жаткан ийримдер боюнча токтолуп, бардык кафедраларда 10 ийрим иштей тургандыгын белгиледи.
Жыл ичинде Ч. Асылбекованын монографиясы жарыкка чыккандыгын айтып өттү.
Кийинки сөз ФФнын коомдук-тарбиялык иштер боюнча жетекчиси Осмонова Кенжеге берилди. Ал өз сөзүндө жыл ичинде ФФда жүргүзүлгөн коомдук-тарбиялык иштер боюнча айтып өттү. Негизинен ар бир кафедрада жылдык иш планында бекитилген иш чаралары өз убагында өткөрүлгөндүгүн баса белигледи. К. Осмонова кафедралардагы план боюнча ай сайын өткөрүлгөн куратордук сааттар жана иш чараларга кенен токтолду.
Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн иш чараларды, университтетик, факультеттик деңгээлдеги иш чаралардын атады.
Ар бир жетечинин берген отчеттору боюнча суроо-жооп, сунуштар айтылды.
Аягында филология фаукльтетинин 2024-2025-окуу жылындаги аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылды.
Жыйындын аягында сыйлоо аземи болуп, факультеттин активдүү профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнө факультеттин дипломдору тапшылырды.