Жакшы адамдардын жакшылыгы - түбөлүк

Өмүр — көз ирмем, бирок жакшы адамдардын жакшылыгы түбөлүк.
Бүгүн 11-июнь күнү билим ордосу Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде зор мааниге ээ, жүрөктү терметкен, ошол эле учурда урматтоо менен эскерүү сезимин камтыган өзгөчө бир иш-чара болду. Немис тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген, билимдин шамын тутантып, ар бир студентке өзгөчө мамиле жасаган Арапбаева Гулсаранын ысымына коюлган бурчтун ачылыш аземине бир-туугандары, жакындары, кесиптештери, бүтүрүүчүлөр жана студенттер чогулушту. Бул демилгени филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Чырашкан Айтмырзаевна колдоп, немис тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысы Бекиева Нуркан баштаган жамааты уюштурушту.
Бул кечеде кесиптештери, бир туугандары, жакындары Гулсара — жөн гана немис тилчи эмес, өз кесибине терең берилген, ишине жаңычыл мамиле кылган, эң негизгиси — адамдык бийик сапаттарга ээ мугалим болгонун, анын ар бир сабагы терең даярдык менен өтүп, студенттер үчүн илимге жол ачкан, тил үйрөнүүгө шыктанткан, кесиптик чыгармачылыкка үндөгөн кесипкөй экендигин айтышты.
Гулсаранын ысымы эми ушул бурч аркылуу кафедранын жаңы мууну — студенттер жана жаш окутуучулар үчүн үлгү болуп калат. Бул бурч — анын ар бир аракети, эмгеги жана жүрөктөн чыккан мугалимдик кызматын эскерген, унутулбас эстелик. Адам өмүрү чектелүү, бирок анын жарык изи түбөлүктүү болот. Биз бүгүн Гүлсаранын атын унутпай, анын жашоосун жана кесиптеги салымын даңазалоо менен бирге, келечек муундарга таалим-тарбия берүүдө анын жолун улантууга ниеттенип турабыз.
Адамдын дүйнөдөн өткөнү өкүнүч, бирок анын артында калган жакшы издери — чоң сыймык.