- Факультеттер
- Табигый-техникалык факультети
- Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
Дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы
Дене тарбия жана спорт кафедрасынын кыскача тарыхы
Дене тарбия жана спорт кафедрасы Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорунун 1993-жылдын 26-августундагы буйругунун негизинде уюшулган. Кафедранын биринчи башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.М. Мойдунов дайындалган.
Дене тарбия жана спорт кафедрасы Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорунун 1993-жылдын 26-августундагы буйругунун негизинде уюшулган. Кафедранын биринчи башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.М. Мойдунов дайындалган.
Т.М. Мойдуновдун жетекчилиги астында кафедра тиешелүү адистер менен толукталып, окуу процессин толук кандуу ишке ашыруу үчүн талапка жооп берген материалдык-техникалык база түзүлгөн.
Дене тарбия жана спорт адистигинин ачылышына байланыштуу 2000-жылдын 26-августунда ЖАМУнун окумуштуулар кеңешинин жана ректордун чечими менен №4/12 буйругунун негизинде кафедра экиге бөлүнгөн. «Дене тарбия жана спорт» жана «Дене тарбия» кафедралары түзүлдү. Дене тарбия адистиги боюнча жаңы кафедраны ачууда Т.М. Мойдунов кафедранын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Дене тарбия жана спорт боюнча болочок адистерди даярдоодо зор ийгиликтерге жетишилди.
2015-жылы ден соолугунун начарлашына байланыштуу жана жүрөккө жасалган оор операциядан кийин Т.М. Мойдунов өзүнүн жеке өтүнүчү менен ээлеген кызматынан кеткен. Ошол эле 2015-жылы Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорунун буйругу менен «Дене тарбия жана спорт» кафедрасынын башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Дооранов Узгенбай Сапарович дайындалган.
У.С. Дооранов алгачкы күндөрдөн тартып эле кафедранын окуу процессин жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ишти активдуу баштады. Анын жетекчилиги астында окуучулардын машыгуусу жана спорттук натыйжалары сапаттык жактан өзгөрө баштады. Кафедранын алдыңкы спортчулары Дүйнөнүн, Азиянын жана Кыргыз Республикасынын чемпиондору болушкан.
2021-жылы ден соолугунун начарлашына жана андан кийин Дооранов Узген Сапаровичтин каза болгондугуна байланыштуу.
2021-жылдын 25-октябрындагы №360/1 Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорунун буйругу менен кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун мыктысы доцент, Алиев Ильяс Тыныбекович дайындалган.
Кафедрада 12 адис эмгектенет, анын ичинен 1 педагогика илимдеринин кандидаты, 1 профессордун милдетин аткаруучу, 3 доцент, 3 улук окутуучу, 3 окутуучу, 1 штаттан тышкаркы окутуучу, 1 адис, 1 лаборант. Мындан тышкары бөлүмдө 2 КРнын спорт чебери эмгектенет.
Кафедрада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Салаев Алтынбек Жунусалыевич эмгектенип Калы Сулайманов., Эсен Асанов,. Максатбеков Сыргак,. Дордоков Балбай,. Сулайманов Акыл,. Эрбол Бакиров ж.б. ушулар сыяктуу дүйнө жана Азия чемпиондорунун чыгаан спортчуларын тарбиялап келе жатат.
Мугалимдер тарабынан 200дөн ашык макалалар, 25 окуу-усулдук колдонмолор, 4 окуу китептери даярдалып, басылып чыккан.
Билим берүү ишмердүүлүгү:
Учурда дене тарбия жана спорт кафедрасы 532000 дене тарбия жана спорт багыты боюнча күндүзгү жана сырттан окуу формаларында педагогикалык профилдеги адистерди даярдайт. Жогорудагы аталган максаттар, күтүлүп жаткан натыйжалар, мазмуну, шарттары жана окуу процессинин технологиялары ишке ашыруунун, бул багыттагы бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо, мунун баары негизги билим берүү программасына киргизилген.
Студенттерде талап кылынган компетенциялардын тизмесин ырааттуу калыптандырууну билдирген билим берүү программасын ишке ашыруунун мазмуну жана процесси 532000 дене тарбия жана спорт багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн бүтүрүүчүсүнүн жөндөмдүүлүгүнүн алкактык мүнөздөмөсү болуп саналган бүтүрүүчүнүн моделин аныктайт;
1993-жылы кафедрада «Дене тарбия» адистиги, 2007-жылы «Аскерге чейинки даярдоо» адистиги ачылган.
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердуулуктүн түрлөрү:
532000 «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча бакалавр даярданган:
- бардык типтеги окуу жайларында, спорттук уюмдарда жана менчиктин ар кандай түрүндөгү ишканаларда педагогикалык ишмердүүлүкө;
- спорттук мектептерде, клубдарда жана менчиктин ар кандай түрүндөгү башка уюмдарда машыктыруучулук ишке;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө менчиктин ар кандай түрүндөгү уюмдарда жеке ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-башкаруу иштерине;
- дене тарбия жана спорт тармагындагы илимий-изилдөө иштерине;
- дене тарбия жана спорт, спорттук-көңүл ачуу, туризм, дарылоо, реабилитациялык-профилактикалык мекемелерде менчигинин кандай гана түрүндөгү болбосун дене тарбия каражаттары аркылуу рекреациялык жана реабилитациялык милдеттерди аткарууга;
- дене тарбия жана спорт тармагындагы маданий-агартуу иш-чараларына.
Бакалавр негизинен даярдалган кесиптик ишмердиктин конкреттүү түрлөрүн жогорку окуу жайы, студенттер, илимий-педагогикалык кызматкерлер жана иш берүүчүлөр бирикмелери менен бирдикте аныктайт.
Борборлор, кабинеттер, лабораториялар:
Кафедрада 1 окуу-методикалык жана 1 окуу-илимий кабинет бар. Кафедра түзүлгөндөн бери бүгүнкү күнгө чейин спорттун бир нече түрү боюнча окуу-машыгуулар өткөрүүлүдө.
Окуу бөлмөлөрү:
- дене тарбия жана спорттун теориясы жана методикасы кабинети;
-адамдын анатомиясы жана физиологиясы кабинети;
-спорттун улуттук түрлөрүнүн теориясы жана методикасы боюнча кабинети;
Окуу-методикалык иштер:
Кафедрада профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан берилген дисциплиналар (предметтер) боюнча окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор, окуу-методикалык жана көрсөтмө куралдар даярдалган. 10 предмет боюнча 13 окуу китеби, 50 окуу куралы жана силлабустар басылып чыкты.
Илимий изилдөө иштери (НИР)
Кафедранын илимий изилдөө багыты
- Дене тарбия жана спорт
Студенттик изилдөө иштери (НИРС)
Кафедрада профессордук-окутуучулук курамдын жетекчилиги менен студенттердин илимий-изилдөө иштери даярдалып, 1-курстан баштап студенттер арасында илимий-практикалык конференциялар, семинарлар, тегерек столдор өткөрүлүп, алардын жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.
Студенттердин демилгеси менен даярдалган жана өткөрүлгөн иш-чаралар:
Дене тарбия тармагынын студенттери жыл сайын карыяларга, балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруп, активдүү катышышат.
Жарыяланган илимий макалалар:
№ | автордун А.А. жөнү | Макаланын аталышы | Жарыяланган макаланын булагы, жылы, саны, бети. |
1 | Алиев И.Т, Тиленчиев Ю.Р. | Патриоттук тарбиянын шартында дене тарбиясынын ролу. | «УГАТУ» ФМБ жогорку окуу жайынын 90 жылдыгына арналган XVI Эл аралык илимий-практикалык конференция. Уфа 2022 |
2 | Алиев И. Т, Салаев А.Ж. | Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин дене тарбия жана спорт менен машыгууга болгон мотивациясын изилдөө. | «УГАТУ» ФМБ жогорку окуу жайынын 90 жылдыгына арналган XVI Эл аралык илимий-практикалык конференция. Уфа 2022 |
3 | Алиев И.Т., Абдурахимов Н.Х. | Заманбап окуучунун жашоосунда дене тарбия сабагынын ролу жана мааниси | Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жарчысы 2022 |
4 | Алиев И. Т, Тиленчиев Ю.Р. | Дене маданият жана спорттун философиясы | «УГАТУ» ФМБ жогорку окуу жайынын дене тарбия, спорт жана туризмдин актуалдуу көйгөйлөрү. Уфа 2020 |
5 | Алиев И. Т, Салаев А.Ж. | Болочок дене тарбия жана спорт мугалимдери үчүн «Кыргыз элдик кыймылдуу оюндар жана спорт» курсун өздөштүрүү | «УГАТУ» ФМБ жогорку окуу жайынын дене тарбия, спорт жана туризмдин актуалдуу көйгөйлөрү. Уфа 2020 |
Эл аралык байланыштар:
- Казак мамлекеттик дене тарбия жана спорт институту;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институту;
- Кыргыз техникалык университети;
- Славян университети;
- Кыргыз улуттук университети;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
- Бишкек гуманитардык университети;
- Ош мамлекеттик университети;
- Ош педагогикалык институту;
- Баткен мамлекеттик университети;
- Нарын мамлекеттик университети;
-Талас мамлекеттик университети;
- Ысык-Көл мамлекеттик университети;
532000 дене тарбия жана спорт багытында билим алып жаткан студенттер тажрыйба алмашуу максатында түзүлгөн келишимди аткарышат. Ошондой эле, академиялык мобилдүүлүктүн алкагында алар жарым жылдын ичинде Кыргызстандын каалаган университетинде билим алып, өз университетине кайтып келүүгө укуктуу.