ТЕСТТИН ТИБИ ЖАНА ТҮРҮ
16.04.2024 күнү тестирлөө жана билим сапатын баалоо борбору тарабынан тесттик тапшырмалардын сапатын жакшыртуу жана тесттик суроолорду түзүүнүн эрежелери боюнча семинар болуп өттү.
Семинарга декандар, директорлор, кафедра, ПЦК башчылары катышты. Иш чарада чакырылган профессор, кандидаттар п.и.д., профессор Уметов Т.Э “Кредит-сааттар-жүктөмдөр”, п.и.к. доцент Турдубаева Б.М. “Тестти түзүүнүн эрежелери”, п.и.к. доцент Нусупова Р.С. “Тесттин тиби жана түрү” жанаулуу окутуучу Термечикова А.М. “Тесттик тапшырмаларды түзүүнүн формалары” деген темада презентацияларын чагылдырып, маалымат беришти.
Катышуучулар суроо-жооптор менен талкуулашып, өздөрүнө тиешелүү кенен маалымат алышты. Бүгүнкү күндө түзүлгөн айрым тесттердин сапатынын төмөн болушу, окуу процессинде студенттердин билимин баалоого тийгизген терс таасирлерин чечүү жана жакшыртуу максатында семинар-тренингдерди байма-бай өткөрүп туруу учурдун талабы – дейт тестирлөө жана билим сапатын баалоо борборунун директору А.Жолонбаева.