ЖАМУ 100 ЖАШТА
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленди.
Иш чара АТФнын спорт аянтчасында уюштурулуп, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам параддан өтүштү. Андан сырткары ар бир факультет окуу жайдын тарыхы, билим алган студенттер жана жетектеген башчылар жөнүндө эскерүүлөрүн айтышып, куттукташты.
Мааракеде маданий-эстетикалык борбордун адистери студенттер менен биргеликте концерт уюштуруп, маданияттын мыкты кызматкерлери куттуктап чыгармаларын тартуулашты.