1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

1 год назад

118

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖАМУНУН КОШКОН САЛЫМЫ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, профессор Усенов Кенешбек Жумабекович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаровдун катышуусунда 2024-жылдын 22-26-январь күндөрү жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин 2023-жылга жасаган иштери боюнча отчетторун угуу, 2024-жылга карата иш-пландарын кароо жана окуу семинарына катышып, баяндама жасады.

Жалал-Абад облусунун өнүгүүсүнө ЖАМУ өз салымын кошууда.

Атайын калк арасында сурамжылоо жүргүзүүнүн натыйжасында, эл тарабынан төмонкүдөй сунуштар түшкөн.

Эт жана сүттү кайра иштетүү боюнча мини-фабрикаларды куруу;

Жашылчаларды өстүрүү жана жемиш бактарын отургузуу үчүн күнөсканаларды (теплица) куруу;

Жер көчкүлөрдү изилдөө;

Күн, шамалдын жардамында электроэнергия алууну изилдөө;

Таза суу менен камсыздоо, асфальт төшөө;

Мектеп, ФАП куруу;

Туризмди өнүктүрүү;

Кайра иштетүү ишканаларын куруу;

Мөмө-жемиштерди иштетүүчү заводдорду куруу.

Жогорудагы сунуштарды ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин каржылоосу менен 5 илим-изилдөө долбоор, ЖАМУнун каржылоосу менен 3 илим-изилдөө долбоор аткарылган. ЖАМУнун кызматкерлеринин дагы 5 илим-изилдөө долбоору КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, аткарылууда. Андан сырткары окуу жай өз каражатынан 3 илимий-изилдөө долбоорун каржылап, аткарууга алды.

Стартап долбоорлорунда студенттер бир катар долбоорлорду жазышып, жалпы 1 419 000 сомго аткарылды.

Социалдык багыт боюнча кадр даярдоо, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жеңилдик берүү, кары-картаңдарга материалдык жардам көргөзүлүүдө.     ЖАМУну 2022-2023-окуу жылында  3167 бүтүрүүчү аяктап, алардын 79.5%ы жумуш менен камсыз болгон.

Алдыда жалпы эмгек жамаатыбыз менен биргеликте аткаруучу максаттарыбыз;

Багыттар боюнча илим-изилдөө долбоорлорду жазуу жана ишке ашыруу

   Агрономия (талаа топурактарын лабораториялык анализдөө, теплица        тармагынын жаңы жолдорун изилдөө)

Медицина;

Багыттар/тематикалар боюнча стартап долбоорлорду жазуу жана ишке ашыруу;

Калдыктарды кайрадан иштеп чыгуу ыкмалары;

Саркынды сууларды тазалоочу курмалардын жаңылануусу

ж.б. студенттердин инновациялык ойлоп табуусу;

Жашыл энергия (чакан ГЭСтердин, күн нурунан жана шамалдын ылдамдыгынан алуучу энергияларды боюнча) ;

Экология.