1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

142

ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж. Усеновдун Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоосу 

Урматтуу Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы!

Сиздерди, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Ар бир жетишкендиктин, ийгиликтин түпкү башаты – мугалимдин ак ниет аракети. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде сиздердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүңүздөр, тажрыйбаңыздар жана жаш адистерди даярдоого кошкон эбегейсиз эмгегиңиздер өлкөбүздүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ. Талыкпаган эмгек, жаратмандык менен чыдамкайлыгыңыздар жана билимге, тарбияга болгон берилгендигиңиздер ар дайым баалуулугун жоготпойт. Сиздердин ар бир сабак, ар бир илимий эмгек коомубуздун өнүгүүсүнө, мамлекетибиздин билимдүү жаш кадрларын даярдоого кызмат кылууда, ошондой эле билим жолундагы жетишкендиктер ар дайым сыймык жана урмат менен бааланат. Жаш муунга билим берүү менен бирге, аларга жогорку адеп-ахлактык сапаттарды да жеткирип жаткандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздер менен кесиптеш болуп эмгектенип жатканым мен үчүн чоң сыймык, окуу жайыбыздын ийгиликтери ар бириңиздердин ак эмгегиңиздердин үзүрү.

Кымбаттуу агай-эжейлер!

Дагы бир жолу жеке өзүмдүн жана ЖАМУнун жалпы жамааты, студенттеринин атынан куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишиңиздерде мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Илимий жана педагогикалык эмгегиңиздер ар дайым жемиштүү болсун!