1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

24

Зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча конок лекция

Зордук-зомбулуктун алдын алуу, кыз-келиндердин өзүн коргой алуусу учурдун талабы. Акыркы кездери өлкө аймагында болуп жаткан окуялар буга себеп. Мындан улам Э. Уметов атындагы институтунун педагогика колледжинде зордук-зомбулукту болтурбоо, алдын алуу максатында конок лекция уюштурулду.

Лекцияны Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын окутуучусу Алима Момунова өтүп, студенттер менен Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуунун педагогикалык-психологиялык жолдору боюнча талкуу уюштурду.

Болочоктогу педагогдор үчүн психологиянын да орду чоң. Келечекте жаш балдар менен иштешүү үчүн студент кезден тажрыйба чогултуу зарыл. Ошондуктан педагогика колледжинде  түрдүү багыттагы адистерди, мугалимдерди чакырып конок лекция уюштурулуп турат.