1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

189

Студенттерге никаб боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда адамдын жүзүн толук жашырганга, паранжа, никаб кийип жүрүүгө тыюу салынган.

ЖАМУнун педогогикалык колледжи жана чет тилдер колледжи КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин №247 катын ишке ашыруу максатында диний негизде жүзүн жаап, никаб кийүү, улуттук баалуулуктарды эске салуу максатында дин кызматкерлери менен биргеликте студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анда окуу жайда окуган студенттердин жоолукту кандай салынуу керектиги, окуу жайдагы талаптар боюнча маалымат берилди.

КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор  аралык мамилелер боюнча агенттиктин облустагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев никаб кийгендерге мыйзам боюнча каралган айып пулдар боюнча кенен түшундүрмө берсе, Жалал-Абад облусунун казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев хиджаб менен никабдын айырмачылыктарын, окуу жайлардагы формалар боюнча токтолду.

 Хиджаб – бул аял кишинин шарият талап кылган тариздеги жоолук жана кең кийими. Ал эми никаб – аялдын жүзүн жапкан парда. Хиджаб менен никабдын өкүмдөгү айырмасы бар деди ал.

Иш-чаранын соңунда окутуучулар жоолук салынууга уруксат бар экенин, никабка уруксат жок экендигине токтолсо, студенттер дин багытындагы суроолоруна келген коноктордон жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык коомдук жайларда жүзүн жашырган никаб кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат. Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим.