ЖАМУнун Инновациялык мектебинде кыргыз-тили майрамы
Кыргыз эли улуттук баалуулуктарды бийик тутуп, эр жүрөк, намыстуу болгон. Эне тили, өз жери үчүн жанын аябаган улан-кыздарды жаштайынан тарбиялап, тилди аздектеп келишкен. ЖАМУнун инновациялык мектеби да 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата окуучулар менен улуттук оюндар аркылуу баалуулуктарды даңазалады.
Аталган мектептин окуучулары мамлекеттик тилдин 36 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилеп, улуттук кийимдер, обондуу ырлар, көркөм окуу, манас айтуу менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Бул жаш өсүп келе жаткан жаштарга өз элинин баалуулуктарын сыйлоого өбөлгө түзөт.
Мектеп мугалимдери окуучуларга ыр күүлөр, элдик кол өнөрчүлүктүн түрү, макал-лакаптар, жомоктордун маанисин айтып, саамалык жыйынтыкталды.