Мамлекеттик жана саясий ишмер Э. Узакбаевдин 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция
Эл аралык илимий конференциялар тажрыйба арттырууга, илим изилдөөчүлөр үчүн багыт көрсөтүүгө жакшы өбөлгө. Мындай мүмкүнчүлүк бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучуларына жана студенттер үчүн түзүлдү. Мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Эмилбек Узакбаевдин 70 жылдык маарекесине арналып окуу жайда эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
“Аймактык башкаруу жана айыл чарба саясаты, өткөн жол жана көз караштар” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияны Жалал-Абад мамлекеттик университети уюштуруп, республикаданконференцияга келген коноктордун ичинен Россиядан келген Елена Попковага, Өзбекстандан келген Шахло Эргешовага жана коңшу мамлекеттердин датарыхчы Кыяс Молдокасымовго ЖАМУнун ардактуу профессору, окутуучулары катышты. Бул окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты бекемдеп, тажрыйба алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. наамы ыйгарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө өз кезегинде мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө кылган эмгеги, айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Эмилбек Узакбаевге Жалал-Абад облусунун ардактуу атуулу наамы ыйгарылды.
Э. Узакбаевди айыл чарбасын алга жылдырган адис, Нарын облусунун мыкты губернатору катары билүүгө болот. Анын аткарган иштери, басып өткөн жолу жаштарга үлгү. Конференциянын жүрүшү секциялык пленардык жыйындар менен коштолду.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияга Казакстан, Россия, Өзбекстандан атайын илим изилдөөчүлөр чакырылган. Алар Узакбаевдин аткарган иштерин изилдеген окутуучулар. Тажрыйбалуу адистер менен студенттердин бир аянтчада чогулуусу ЖАМУнун болочоктогу илим изилдөөчүлөрү үчүн шарт.
Белгилей кетсек Эмилбек Узакбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Нарын облусунун губернатору, айыл чарба министри жана элчилик сыяктуу бир топ жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап келген.