ЖАМУнун Конфуций институту Эл аралык сынакка катышып ийгилик жаратты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институту Эл аралык сынакка катышып ийгилик жаратты. Мындан улам 2024-25-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын «Кытай эл аралык билим берүү фонду» тарабынан «Медиа-инженерия багытында мыкты институт», «Мыкты уюштургуч институт» наамдары тапшырылды. Бул сыйлык институттун соңку жылдардагы ишмердүүлүгүн баалаган, эл аралык, республикалык конкурстарда алган ордун даңктаган көрсөткүч болуп эсептелет. Институттун тил үйрнүүчүлөрү «Кыска метраждуу тасма» IV эл аралык конкурсуна чоң даярдыкта катышып, ийгиликке жетишишкен. Бир канча студенттер КЭРдин ЖОЖдорунда стажировкаларда болуп, активдүүлүгү, билими менен айырмаланышкан.
Эске салсак, институттун мыкты тил үйрөнүүчүлөрү А.Алтымышова, А.Шаабидиновалар буга чейин да “HSK – кытай тилин үйрөтүү” фонду уюштурган «Кыска метраждуу тасма» эл аралык конкурсунда алдыңкы орундарга жетишип келишкен.