Кыргыз тили келекчек муундар үчүн

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өтүп жаткан Мамлекеттик тилдин 36 жылдыгына карата тил жумалыгынын алкагында Агрардык Техналогиялык Институтунун Ветеринария кафедрасы тарабынан “Кыргыз тили келечек муундар үчүн” аталышында иш-чара уюштурулду.
Анда, кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырлар, сахна көрүнүштөрү, манас, дастандар, көркөм окуулар, улуттук бийлер жана комуз күүлөрү жаңырып, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар студенттер арасында өткөрүлдү.
Уюштуруучулардын айтымында аталган окуу жайда тилге байланыштуу иш-чаралар жумалык менен гана чектелбейт. Студенттердин эне тилге, мекенге болгон сезимдерин жандантуу үчүн байма-бай уюштурулуп, кароо-сынактар да өткөрүлүп турат. Бул жолку саамалыкта да улутук баалуулуктарга басым жасалган.