1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

199

ЖАМУда Мамлекеттик тилдин 36 жылдыгына карата жумалык башталды

Мамлекеттик тил мыйзамынын 36 жылдыгына карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  бардык институт, колледждеринде тил жумалыгы башталды.

Алгач, Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтунун педагогикалык колледжинде “Эне тил - улуттун уңгусу, көөнөрбөс мурасы” аталышында концерттик программа өткөрүлдү. Анда 1-курстун студенттери тарабынан кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырлар, сахна көрүнүштөрү, манас, дастандар, көркөм окуулар, улуттук бийлер даярдалган.

Майрамдык салтанат филология институтунда “Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун” аталышы менен улантылды. Аталган институт боз үй тигип, улуттук баалуулуктарга басым жасаган. Кыргыздын улуттук тамак-аштары, ата-бабалардын кийимдерин коюп көргөзмө уюштурулган. Жаштардын эне тилге болгон мамилесин жандантып, мекенчилдик сезимин күчөтүү максатында кыргыз тилин даңазаланган обондуу ырлар аткарылып, макал-лакап, жаңылмач айтылып чечендик өнөрлөрүн көргөзүштү.

Ал эми иш-чара чет тилдер колледжинде да жүргүзүлүп, “Тилим менен улутмун,Тилим менен улукмун” аталышында сармерден уюштурулган. Оюн-зооктор кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, ар кыл аспаптарда кол ойнотушуп, манас айтылып, улуттук нарк-насил даңазаланды.

Эскерте кетсек, жумалыкты утурлай кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар студенттер арасында өткөрүлөт.