Профессордук-окутуучулук курам квалификациясын жогорулатышты

Көп тил билүү – келечекке жол ачат. Замандын талабы болгон чет тилдерди үйрөтүүгө Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети өзгөчө басым жасайт. Чет тилдерге окутуунун максаты – окуучулардын коммуникативдик, баарлашуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат. Бул болсо, дүйнөлүк коомчулук алкагына кирүүгө жана андан ары ийгиликтүү эмгектенүүгө жол ачат.
Мындан улам ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун профессордук-окутуучулук курамы "Англис тили" курсу боюнча атайын окуу программасына катышып ийгиликтүү аякташты. 144 сааттык көлөмдөгү кошумча билим берүү курсу адистердин кесиптик өнүгүүсүн арттыруу максатында уюштурулган. Заманбап билим берүү талаптарына ылайык, окутуучулардын чет тили боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Окутуу курсун аяктаган адистер кесиптик өнүктүрүү институту тарабынан сертификаттарга ээ болушту.