1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

181

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 36 ЖЫЛ

Жыл сайын 23-сентябрь Кыргыз тили майрамы катары өлкөдө белгиленет. Бул күнү жогорку жана орто окуу жайлар, билим берүү мекемелери да атайын иш-чараларды уюштурат. ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык колледжи мамлекеттик тил күнүн быйыл алгачкылардан болуп белгилөөдө.

Аталган колледжде "тил билсең - дил билесин" аталышында конференция уюштурулуп ага окуу жайдын 2-курсунун студенттеринен 5 команда тартылган.

Окуу менен катар мамлекеттик тилге жаштардын көз карашын жакшыртуу, эне тилди даңктоо, улуттук баалуулуктарыбызды баалоо максатында, алгач тегерек стол уюштурулду. Андан соң командаларга тапшырмалар берилип, макал-лакаптар айтылып, дил баяндар окулуп, улуттук аспап болгон комуз күүлөрү жаңырды. Иш-чаранын жүрүшүн атайын түзүлгөн калыстар тобу баалады.

Эскерте кетсек, Кыргыз тил майрамына карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жумалык жарыяланган. Анда окуу жайлар бир жума аралыгында атайын иш-чараларды уюштурат.