РЭКЕТЧИЛИК ЖАНА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ

Жаштардын билимге болгон кызыгуусун артыруу, өзү тандаган кесиптин мыкты ээси болуусуна алгач алардын жүрүм-туруму, тартиби маанилүү. Мындан улам ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинде студенттердин тартибине өзгөчө басым жасалаары айтылды.
Аталган окуу жайдын студенттерине Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбиялык иштери боюнча проректор Абубакир Маматумаров окутуучулар менен биргеликте жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, тамеки, ичимдиктердин зыяндуулугу боюнча айтып, убакытты туура пайдаланууга чакырды.
Студенттердин татыктуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Андыктан жакшы жүрүм-турум менен татыктуу билим алып, тартип сактап, коомго пайдалуу салым кошууга жаштарды чакырышты.
Белгилей кетсек, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ар бир институт, колледждеринде кылмыштуулуктун алдын алуу, зхордук-зомбулук, рэкетчиликти болтурбоо багытында иштер байма-бай жүргүзүлүүдө.