1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

192

Монголия өкүлдөрү ЖАМУда

Монголия мамлекетинин Орхон облусунун депутаты Тумен Жергаль баштаган өкүлдөр Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болушту. ЖАМУнун ректору  Кеңешбек Усенов  аткарылып жаткан иштер менен кенен тааныштырды. Окуу жайдын жаңы имараты,студенттерге түзүлгөн шарттар, окуу корпустардагы техникалар конокторду кайдыгер калтырган жок.

Тумен Жергаль окуу жайдын башка өлкөлөрдүн университеттери менен болгон алакаларын сөз кылып, Монголия менен кызматташууну жандантуу керектигине басым жасады жана өз мамлекетине барып жогорку окуу жайлар менен сүйлөшүп, ЖАМУда быйыл ачылган жаңы адистиктер боюнча да кызматташуу керектигине токтолду. Эки тараптын студенттери жана окутуучуларын тажрыйба алмашуу максатында жиберүүнү Орхон облусунун депутаты өзү көзөмөлгө аларын айтты.

Окуу жайлардын кызматташтыгынын жакшы болгону мамлекеттер үчүн да пайдалуу. Билимдүү жаштарды тарбиялоо негизги максат. Мында чет жака чыгуу, тажрыйба алмашуу маанилүү. 

Белгилей кетсек буга чейин  Монголиянын Улуттук университети эки кыргызстандык студентти кабыл алууга даяр экендигин маалымдаган. Анда Монголияда билим ала турган кыргызстандык студенттер Монголия Өкмөтүнүн стипендиясына ээ болушаары айтылган. Ушул сыяктуу иш аракеттерди эми Монголиянын Орхон облусундагы окуу жайлары менен да ишке ашырууга аракеттер жүргүзүлмөкчү.