1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

253

ЖАШ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

ЖАМУнун педагогикалык колледжде жаш мугалимдерге студенттер менен иштешүү, билим берүүдө жаңы ыкмалар боюнча окутуулар өткөрүлдү. Жаш адистерге тажрыйба алмашуу максатында окуу методикалык инспектору  тарабынан  ”Жүрүм турум маданияты же кызматташуу рамкасы” аталышында мастер класс өткөрүлдү.

Анда, теориялык жана практикалык маселелер каралып, “Кызматташуу рамкасы» түшүнүгүнүн мазмундук жана структуралык өзгөчөлүктөрү, коллективде бирдиктүү максаттарга жетүүгө багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү механизмдери, мугалимдер аралык жана мугалим-студент кызматташуусунун натыйжалуулугун камсыз кылган методикалык ыкмалар боюнча айтылды.

Мастер-класстын максаты мугалимдер арасында кызматташууга негизделген кесиптик байланыштарды бекемдөө, биргелешкен иш-аракеттердин формаларын жана аларды билим берүү процессине натыйжалуу интеграциялоо ыкмаларын көрсөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган методикалык колдоолор болду.

Жаш адистерге сабактарды кызыктуу өтүү жолдору сунушталынып, масстер-класс учурунда интерактивдүү талкуу, практикалык тапшырмалар жана кырдаалдык оюндар уюштурулду. Бул теманы тереңирээк үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт.

Белгилей кетсек, тажрыйбалуу адистер тарабынан жаш окутуучуларга мындай иш-чаралар аталган окуу жайда байма-бай өткөрүлүп турат. Алдыда башка окуу жайлар менен да тажрыйба алмашуу максатында өткөрүү пландалууда.