1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 недели назад

158

ЖАМУнун окумуштуулары климаттык билим берүү боюнча модулдарды иштеп чыгуу жана киргизүү жаатындагы «Тренерлер үчүн тренинг (ToT)» программасына катышышты

       Кыргызстандагы «Ала-Тоо» Эл аралык университети, өнөктөш уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ЮНИТАР жана ПРООНдун колдоосунда ишке ашырылып жаткан климаттык билим берүү боюнча билим берүү модулдарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында өнүгүүнүн негизги аспектилерин, санариптик мамилени жана туруктуу өнүгүүнү чагылдырган эң мыкты 6 модуль боюнча тренинг уюштурган.  

       Жаратылышты туура пайдалануу жана экономикалык туруктуу өнүгүү боюнча сунуш-пикирлер менен талкуулар, катышуучуларга бул багытта аткарылуучу глобалдык маселелердин үстүнөн талыкпай эмгектенүүгө жол көрсөттү. Тренинг Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттердин катышуусунда жүрдү. Ал эми ЖАМУдан биология илимдеринин доктору, профессор З. Сакбаева, айыл чарба илимдеринин кандидаты Б. Осмонова,  экономика илимдеринин кандидаты А. Жороева, аспирант Г. Калаевалар катышышты.

       Ошондой эле Эл аралык «Ала-Тоо» университети менен “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин ортосунда тажырыйба алмашуу, студенттердин арасындагы академиялык мобилдүүлүк, илимий кызматташтыктардын алкагында келишимге кол коюлду.