1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 недели назад

32

КОМУЗ – БУЛ ЖӨН ГАНА МУЗЫКАЛЫК АСПАП ЭМЕС...

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунда улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында кыргыздын улуттук аспабы болгон комуздун тарыхы, кыргыз элинин жашоосундагы орду жана руханий мааниси тууралуу кенен маалымат берилди. Комуз – бул жөн гана музыкалык аспап эмес, ал кыргыз элинин тагдырын, тарыхын жана философиясын чагылдырган улуттук символ. Ар бир күүдө элдин кайгы-кубанычы, жаратылыштын кооздугу жана терең маани камтылганы айтылды.

Мындай тарбиялык иш-чаралар жаш муундарга улуттук баалуулуктарды баалоого, жайылтууга, ата-бабалар колдонгон ар бир буюмду аздектөөсүнө, тарыхын жакындан билүүсүнө жардам берет.

Белгилей кетсек улуттук баалуулуктарды даңазалоо багытында тарбиялык иш-чара мындан ары ар бир курс менен өткөрүлөт. Алдыда мамлекеттик тил күнүнө карата да уюштуруу мерчемделген.