Америка Кошмо Штаттарынын окутуучулары ЖАМУда

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Америка Кошмо Штаттарынан англис тилин окутуу боюнча Fulbright программасынын (English Teaching Assistants) ассистенттери келди.
Программанын өкүлдөрүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов кабыл алды. Алар университеттин ишмердүүлүгү, филология институтунун иши, англис тили жана адабияты, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедралары менен жакындан таанышышты.
Fulbright ETA ассистенттери чет тилдери боюнча билим алып жаткан студенттерге жардам көрсөтөт. Алар филология институтунда сабактарга катышып, мугалимдер менен биргеликте иш алып барат. Бул студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошот. Кызматташтык эл аралык тажрыйба алмашууну, билим берүү программаларын өнүктүрүүнү жана академиялык байланыштарды бекемдөөнү камсыз кылат.