Тартип сакчылары студенттер менен жолугушту

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Окуу жайлар арасындагы рэкетчиликти, зордук-зомбулуктун алдын алуу, жаштар арасында болуп жаткан укук бузууларга, терс көрүнүштөргө студенттер менен биргеликте күрөшүү максатында тартип сакчылары ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин студенттери менен жолгушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтер, коомдук жерлерде жүрүм-турум эрежелерин сактоо тууралуу айтылды.
Андан соң студенттер менен милиция кызматкерлери арасында суроо-жооп уюштурулуп студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Бул жаштар менен биргеликте иш алып барууну, тартипти көзөмөлгө алууга түрткү берет дешет.