1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

ЖАМУнун окуу корпустарынын санитардык абалдары текшерилди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бардык корпустарынын санитардык абалдары текшерилди. Анда окуу корпустардагы тазалык, ашканалардын абалы, санитардык китепчелер жана дары кутучалары көзөмөлгө алынды.

Негизги максат жугуштуу оорулардын алдын алуу, тазалыкты тыкыр көзөмөлдөө, санитардык эпидемиологиялык талаптарды күчөтүү.

Текшерүү учурунда айрым санитардык талаптар сакталбаган институт жана колледждерге эскертүүлөр берилди. Кемчиликтер жоюлбаса тиешелүү чаралар көрүлөөрү айтылды.

Эскерте кетсек, мындай көзөмөл жыл сайын байма-бай өткөрүлүп турат. Талаптардын аткарылышын мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор жана медициналык пунктун кызматкерлери көзөмөлдөйт.