ЖАМУда комуз үнү жаңырды
Кыргызстанда 9-сентябрь улуттук музыкалык аспап болгон комуз күнү белгиленет. Бул күндү утурлай Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети бүгүн жумуш күнүн комуз күүлөрү менен баштады. Окутуучулар жана студенттер тарабынан атайын күүлөр жана ырлар даярдалып эки саат тынымсыз ойнолду. Бул иш-чара ЖАМУнун бардык институт, колледждеринин алдында өткөрүлүп, комуз жөнүндө маалыматтар, ар бир күүнүн тарыхы кенен түшүндүрүлүп турду.
Кыргыздын улуттук баалуулуктарын жайылтуу, жаштардын кызыгуусун артыруу максатында, Э. Уметов атындагы педагогикалык институту салтанатты алгач манас айтуу менен баштап, студенттер арасында комузга байланыштуу суроо-жооп уюштуруп жагымдуу маанай тартууланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-сентябрь комуз күнүн белгилөө 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген. Ошол күндөн тарта ЖАМУда жыл сайын бул күн түрдүү багытта уюштурулуп келет. Быйыл көргөзмө, күүлөрдүн тарыхына көбүрөөк басым жасалган.