ЖАМУда билим күнү белгиленди

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын сап башында турган “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, жаңы окуу жылында миңдеген студенттерге өз эшигин ачты. Салтанатка окуу жайдын ректору К. Усенов, профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер жана ата-энелер катышты.
Ректор өз сөзүндө ЖАМУда жаңы, заманбап имараттарда, алдыңкы технологиялар менен, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш билим алуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, студенттердин окуусу үчүн бардык шарттар, чет өлкөдө билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүнө токтолду. Студент болуп жүрүп тажрыйба алса да болоорун айтып, жаңы келген абитуриенттерди билим күнү менен куттуктап өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Эл артисти Садыр Жумашевге ЖАМУнун ардактуу профессор наамы ыйгарылды. Салтанат ЖАМУнун маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган ыр, бий жана флешмобдор менен коштолду.
Билгилей кетсек учурда ЖАМУда 10 миңден ашуун студент билим алат. Быйылкы жылы 30дан ашуун жаңы адистиктер да ачылган.





