1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

2 дня назад

23

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу жайдын профессордук – окутуучулук курамы менен жолгушту. Жолугушууда ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор Усенов жаңыдан ачылган төмөнкү билим берүү программалары менен тааныштырып өттү:

1. жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү (аспирантура)

14.00.00 Медициналык илимдер (окуу мөөнөтү күндүзгү 3 жыл, сырттан 4 жыл)

2. жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү (интернатура)

217 Жалпы практикалык дарыгер (күндүзгү, окуу мөөнөтү 1 жыл)

3. жогорку кесиптик (магистратура)

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) (окуу мөөнөтү күндүзгү 2 жыл 6 ай)

4. жогорку кесиптик (бакалавр) (окуу мөөнөтү күндүзгү 4 жыл)

600300 Мейманкана иши (туризм жана мейманкана ишин башкаруу);

610200 Агрономия (агрономия);

600200 Туризм (туризм);

670300 Транспорттук процесстердин технологиясы (темир жол транспортун уюштуруу жана башкаруу);

530300 Психология (психология);

5. жогорку кесиптик (адистик)

560005 Фармация (күндүзгү-сырттан (кечки), окуу мөөнөтү 3 жыл)

6. Орто кесиптик (окуу мөөнөтү: негизги жалпы жана орто жалпы билим

берүүнүн базасында – 2 жыл 10 ай, 1 жыл 10 ай)

111102 Айыл чарбасындагы ишкердик;

280104 Өрт коопсуздугу;

190304 Темир жолдогу кыймылдуу курамды техникалык эксплуатациялоо;

070602 Дизайн (тармактар боюнча);

100204 Маалыматты коргоо технологиясы жана уюштуруу (тармактар боюнча);

100105 Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу;

100106 Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу;

100201 Туризм;

060106 Ортопедиялык стоматология.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасында 2024-2028 жылдарга илимди, илимий-техникалык жана илимий - инновациялык ишти өнүктүрүү жана илимий ачылыштарды өндүрүштө алгылыктуу ишке ашыруу багытындагы иш чаралар жөнүндө кеңири маек курду.

2024 – 2025 жылга Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан каржылаган 3 долбоордун:

1. “Жалал-Абад областындагы тарыхый-маданий эстеликтерди компьютердик моделдөө”- долбоордун жетекчиси фил.и.д., профессор Г.С.Токоева;

2. “Климаттын өзгөрүүсүнүн жаңгак-мөмө токойлорундагы сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөргө жана Сары-Челек коругунун экосистемасына тийгизген таасирин изилдөө” - долбоордун жетекчиси- б.и.д., профессор З.И.Сакбаева;

3. “Интегрированнные методы борьбы против колорадского жука (Leptinotarsa decemlineata Say) в условиях юга Кыргызстана”- долбоордун жетекчиси- б.и.к.,доцент Г. Жусупбаевалардын илимий изилдөө иштеринин отчетторун угуп, Текебаев Тилек Кыдырмаевич, ЖАМУнун илимий дарамети Кыргыз Республикасындагы региондордун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө комплекстүү билим берүү жана илимий-инновациялык иштер алгылыктуу жүрүп жатканын баса белгилеп мындан ары билим берүүнүн илимий-инновациялык иш чаралары өндүрүштү өнүктүрүүгө калктын калың катмарын иш менен камсыздоого, туризмди өнүктүрүүгө, региондордогу эмгек ресурстарын (кадрларды), курулуп жаткан жаңы стратегиялык ишканалар мисалы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолдорунда иштей турган кесипкөй адистерди кайра даярдоо максатында ой пикир сунуштарын берди.

Мындан ары Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүгү менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад облусунун айыл аймактарынын, шаарларынын социалдык-экономикалык өнгушүнө орчундуу салым кошо турган мүмкунчулугу бар долбоорлорду жана стартаптарды каржылоо жана стимулдаштыруу максатында байланышты күчөтүп чогуу иш пландарды ишке ашыруу үчүн бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле университет тарабынан курлуп жаткан обьектилер менен таанышып, ЖАМУнун инфратруктурасы кенейип жатканына ынанып, жакшы ой пикирин билдирип кетти.