1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

4 месяца назад

160

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО

2025-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абад шаарына Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору У.Ш.Айтбаев башында турган КРПМБАнын өкүлдөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлүнөн турган делегация келди.

КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте расмий жолугушуу өткөрүлдү. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашырууда тараптардын биргелешкен кызматташуу маселелери каралды.

Андан соң делегация Жалал-Абад мамлекеттик университетине барып, Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу жана андан аркы кызматташуу маселелери каралды.