1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

3 месяца назад

125

ТАРАПТАР ЖАНА ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАР

Экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция багытында окуган  Юк-1-22 тайпасынын студенттерине  жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын улуу окутуучусу А.Акматова жарандык процессуалдык укук дисциплинасынан  “Тараптар жана үчүнчү жактар” аттуу темада ачык сабак өттү. Ачык сабак окутуунун инновациялык методдорун колдонуу менен тиешелүү деңгээлде өткөрүлдү. Студенттер теманын тегерегинде суроолорду беришип,  жоопторду алышты.

         Ачык сабакка кафедра башчысы ю.и.к., доцент Н.Нарматов, кафедранын доценти саяс.и.к. Б.Алымкулов жана окутуучу З.Амиракулова катышышты.  Сабактын аягында кафедра башчысы Н.Нарматов студенттерге жана катышуучуларга кайрылып,  ачык сабак  жаны усул менен презентецияланып жакшы түшүндүрмө берилгенин,  угуучуларга тема кенири түшүндүрүлүп жеткирилгендигин баса белгилеп, студенттерге окуусунда,   улуу окутуучу А.Акматовага иштеринде ийгиликтерди каалады.