1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

29

Карылар- жашообуздун таянычы, акыл-насааты

 1-октябрь Эл аралык карылар күнү белгиленип, улуу муундун өкүлдөрүнө сый-урмат көрсөтүлөт. Бул күндү утурлай, Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Базарбаева М.С. "Карылар – жашообуздун таянычы, акыл-насаты" аталышында УТк-2-25 тайпасына кураторлук-тарбиялык саат өттү. Сабакка колледждин аксакал окутуучулары катышышты. Студенттер тарабынан куттуктоо сөздөр айтылды.

Элибизде карыларды “жашоонун таянычы, акыл-насааты” деп аташы бекеринен эмес. Алардын бай тажрыйбасы, акылман сөздөрү жаш муун үчүн жол көрсөтүүчү жарык.

Бул күндө ар бирибиз ата-энелерибизге, чоң ата, чоң энелерибизге көңүл бөлүп, ыраазычылык билдирүү – ыйык милдет. Карыларды сыйлаган элдин келечеги нурлуу болот.