1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

15

Комуз-улуу мурас

Бекмамат Осмонов атындагы "Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин" экономика жана укук колледжинде 9-сентябрь комуз күнүнө карата уюштурулган "Комуз улуу мурас" аталышында 1-курстар арасында иш чара болуп өттү. Иш чарага колледждин директору Айнагул Акылбековна жана окутуучулар катышты. Иш чаранын максаты комуздун тарыхын билүү жана келечекте урпактарга өткөрүп берүү баарыбыздын милдетибиз экени айтылды. Комуз — кыргыз элинин улуттук аспабы, ата-бабаларыбыздан калган баа жеткис мурас. Студенттер иш чарада комуз жөнүндө көркөм тексттерди, ырларды айтышты жана комуз менен обондуу ырларды аткарышты. Уюштурулган иш чара өз максатына ийгиликтүү жетти.