БАЛДАРДЫ СҮЙҮҮ-БУЛ КЕЛЕЧЕКТИ СҮЙҮҮ

1-июнь -Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата 30-май күнү ЭЮКтун БЭК-3-24 тайпасынын студенттери Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги балдарды куттуктап келишти. Студенттер балдар үчүн таттуу белектерди , кийим кечелерди алып барышты. Мекеменин кызматкерлери студенттерге балдардын оорулары жөнүндө айтышып, келечекте мындай балдардын санын азайтууга алдан ала үй-бүлө курууда ден-соолукту чыңдоо керектигин айтышты, ошондой эле студенттерге, студенттерди тарбиялап, өстүрүп жаткан ата-энелерине жана студенттерди уюштуруп алып келген куратору Н.Айылчиевага терең ыраазычылык билидиришип, ак баталарын беришти.