1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Жумушка орношуу үчүн зарыл болгон көндүмдөр 

  Экономика-юиридикалык колледжинин 3-курстары үчүн ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева “21-кылымда бүтүрүүчүлөргө керектүү көндүмдөр: 4 К концепциясы ” деген темада тренинг өттү. Тренингдин максаты бүтүрүүчүлөр жумушка жайгашууда резюмени кантип жазуу керек, жумшак жана катуу көндүмдөр (Soft and hard skills ) жана 4К концепциясын өнүктүрүү . Тренинг учурунда Н. А. Айылчиева резюме жазуунун эрежелери, талаптары жөнүндө маалымат берип, студенттер практика жүзүндө резюме жазышты. Жумшак жана катуу көндүмдөрүнүн түрлөрүн жана айырмасын айтып, 21-кылымда жаштарда калыптандыруучу көндүмдөр: 4К концепциясы жөнүндө да маалымат берди. Жумушка жайгашууда, келечекте ийгилике жетүүдө коммуникабелдүү, креативдүү, сынчыл ойлом жана командада иштөө көндүмдөрдү калыптандырып, өнүктүрүү зарыл экендигин Н.А.Айылчиева баса белгиледи.