1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жалпы билим берүү ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

2025-жылдын 17-май күнү УТк-3-24 тайпасы боюнча ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.

2025-жылдын 17-май күнү УТк-3-24 тайпасы боюнча ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга куратор, атайын предмет мугалимдери жана студенттердин ата-энелери катышышты.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

1. Студенттердин окуу жетишкендиктери жана дисциплинасын талдоо;

2. Сабактарга катышуусу жана практикалык сабактарга болгон мамилеси;

3. Колледж менен ата-энелердин кызматташтыгын күчөтүү;

4. Жайкы каникул маалында студенттердин коопсуздугу жана бош убакытты туура пайдалануу маселелери.

Жыйын конструктивдүү маанайда өтүп, ата-энелер менен активдүү пикир алышуу жүрдү. Куратор тарабынан студенттердин жүрүм-туруму, окууга болгон мамилеси жана келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жакшы окуп, үлгүлүү жүрүм-турум көрсөткөн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Бул аракет ата-энелер тарабынан жылуу кабыл алынып, алар тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Жыйынды өткөргөн:

Куратор – Аззам уулу Г.

Колледждин директору – э.и.д., профессор А.Б. Карбекова