Экономика-юридикалык колледжининин окутуучулары 2025 - жылдын 9-апрелинде профориентация жүргүзүү үчүн Базар-Коргон районуна караштуу Ооган Талаа айыл өкмөтүндө жайгашкан №17 С. Далбаев атындагы , Правда айыл өкмөтүндө жайгашкан №15 Жумалы атындагы ошондой эле Кызыл Үнкүр айыл өкмөтүндө жайгашкан №21 С.Ташиев атындагы орто мектептеринде болушту. Окутуучулар Садырова Н, Самудинова Г, Иркеева З, Баитова Н, Токтосунов К, Ниязбек уулу И, Матурайимова Д жана Давлатбекова Д 9-11-класстын окуучуларына экономика-юридикалык колледжиндеги беш адистик жана жаңы ачылып жаткан үч адистиктер боюнча айтып, атайын даярдалган таркатма материалдарды тапшырышты. Ошондой эле маалымат берүү учурунда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим алуу менен биргеликте көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилешти. Жолугушуу учурунда окуучулардын окуу жай жөнүндө суроолорду беришип жооп ала алышты. Билим уясы болгон Жалал-Абад мамлекеттик университетинин көптөгөн жетишкендиктери айтылып , окуучулардын окуу жайга болгон кызыгуусу жаралып, окуучуларды билим алууга экономика-юридикалык колледжине чакырышты.