ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ МЕТОДОЛОГИЯЛАРЫНДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
2024-жылдын 29-февраль күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинде “Илим изилдөө методологияларындагы жаңылыктар” аталышындагы илимий семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингди т.и.д., профессор А. Аширалиев АТФнын 412-аудиториясында саат 14:00дө профессордук-окутуучулук курам жана аспиранттар, магистранттар жалпы эле илим-илидөөчүлөр үчүн өтүп берди.
Семинар жүрүшүндө т.и.д., профессор А. Аширалиев илим-изилдөөдөгү ар түрдүү методдордун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп алардын айырмачылыктарына, окшоштуктарына, колдонуу тармактарына жана философиялык ойлоруна кеңири токтолуп өзгөчө маалыматтарды берди. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар ар түрдү суроолорду беришип, жетикилтүү жоопторду алышып кенен маалыматтарга ээ болду.
Семинарга катышуучулардын басымдуу бөлүгү жаш илим-изилдөөчүлөр болду, семинардын жыйынтыгында катышуучулар агайга терең ыраазычылык билдиришип, көптөгөн маалыматтарга, жаңылыктарга ээ болгондугун баса белгилешти.