“МУГАЛИМ – КЕЛЕЧЕКТИН КҮЗГҮСҮ” АТТУУ МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 3-октябрында билим берүү мекемебизде мугалимдер күнүнө арналган “Мугалим – келечектин күзгүсү” аттуу салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чара студенттер тарабынан окутуучуларды жылмайган жүз, шааңдуу музыка менен тосуп алып, агай-эжекелер үчүн майрамдык маанай тартууланды.
Иш-чаранын негизги максаты коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн, келечек муунга жарык жол көрсөткөн устаттарга болгон ыраазычылык сезимин билдирүү болду.
Мугалимдерге арналган жүрөккө жылуу куттуктоо сөздөрү, ар түрдүү улуттардын бийлери, бир нече тилде айтылган каалоо-тилектер, ыр-бий, поэзия жана хор номерлери менен коштолгон бай программа көрүүчүлөргө эстен кеткис таасир калтырды. Студенттер тарабынан даярдалган чыгармачылык номерлер мугалимдердин эмгегин даңазалап, алардын коомдогу орду кандай бийик экенин дагы бир жолу тастыктады.
Иш-чаранын соңунда мугалимдер студенттерге жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, бул майрам ар бир мугалимдин жүрөгүндө узакка сакталып кала турган жылуу эскерүү болору айтылды.