1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

38

ЖАМУда кыргыз тил жумалыгы уланууда

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институт, колледждери тил майрамына активдүү катышууда. Ар бир окуу жайда күн сайын тилге  байланыштуу иш-чаралар, көргөзмө жана концерттик программалар өткөрүлүүдө.

Мамлекеттик тил мыйзамынын 36 жылдыгына карата бүгүн да майрамдык иш-чаралар улантылды. Алгач,  ЖАМУнун медицина колледжи чет тилдерине басым жасап, кыргыз тилин аз колдонуп калган жаштарга тарбиялык ирээтинде атайын көрүнүш коюп берип, эне тилди барктоого чакырык жасашты. Андан соң студенттер тарабынан кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырлар, сахна көрүнүштөрү, манас, дастандар, көркөм окуулар, улуттук бийлер даярдалган.

Ал эми Жалал-Абад колледжинде “Кыргыз тили – көөнөрбөгөн мурасым” атылышында майрамдык иш-чара уюштурулду. Кыргыз тилин өркүндөтүү менен катар, улуттук кийимдерди да жайылтуу колго алынган. Иш-чаранын башында студенттердин өз колдору менен тигилген кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулуп, алардын аталышы жана тарыхына токтолуп өттү. Бул жаш муун үчүн унутта калып жаткан баалуулуктарды билүүгө шарт түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жүндөн жасалган буюмдар көргөзмөсү, дубал газеталар сынагы жана кыргыз тилин даңазаланган обондуу ырлар аткарылып, макал-лакап, жаңылмач айтылып чечендик өнөрлөрүн көргөзүштү. Ошондой эле, болочоктогу жаш адистерди эне тилинде иш жүргүзүүгө, жаш муундарга туура багыт көрсөтүүгө чакырган көрүнүштөр болду.

Эми тил жумалыгын утурлай кыргыз тили боюнча студенттер арасында сынактар да жүргүзүлмөкчү.