Педагогикалык колледждин 1-2-3-курстары үчүн Зордук зомбулук, рекетчилик, алдамчылык жана интернет булактарындагы алданууларга туш болбоону алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү

2025-2026-окуу жылынын 17-сентябрында Педагогикалык колледждин 1-2-3-курстары үчүн
Зордук зомбулук,рекетчилик,алдамчылык жана интернет булактарындагы алданууларга туш болбоону алдын алуу максатында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу учурунда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары,милициянын майору Калдаров Нурбек Абдыкалыкович, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын башчысы,милициянын майору Орозбеков Бектур, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын тескөөчүсү,милициянын майору Мавлянкулова Гулмира, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймактык ыйгарымдуу өкүлү,милициянын лейтенанты Талантбек уулу Марсел катышып,студенттерге маанилүү маалыматтарды беришти.Ошондой эле кокустан жаралган терс көрүнүштөдү чогуу кызматташып иш алып барууга чакырды.