1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

262

ЖАМУнун студенттери үчүн Кытайдан квота берилет

ЖАМУнун студенттери Кытайга барып билимин өркүндөтүүгө жеңилдиктер каралат. Мындай маалыматты  Кытай Эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине болгон иш сапарында билдирди.

Окуу жай Кытай мамлекетинин университеттери менен тыгыз байланышта болуп келет, буга чейин студенттер Кытайга барып окуу менен катар иш үйрөнүп келишкен. Студенттер үчүн берилген квота жакынкы аралыкта дагы көбөйтүлөөрүн элчи Лю Цзянпин  убадалады.

Ректор Кытай Эл Республикасындагы бир топ университеттер жана илим-изилдөө институттары менен ЖАМУ тыгыз кызматташып жатканына токтолду. Азыркы учурда ЖАМУнун Конфуций институту активдүү иштеп студенттерге билим берип келет. Кытайдан келген коноктор кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен баарлашып, окуу жай менен кенен таанышып чыкты.

Тараптар ЖАМУ менен Кытай мамлекетинин университеттер аралык кызматташуусун жогорку дэңгээлге көтөрүүнү сунушташты. Ал үчүн окуу жайга кандай колдоо керек болсо элчилик тарабынан эске алынаары да айтылды.

Белгилей кетсек ЖАМУда Конфуций институту 2016-жылы ачылып, студенттерге кытай тили жана маданияты үйрөтүлөт. Учурда 700дөн ашуун студент бул багытта билим алат. Кытай тилин эркин өздөштүрүү максатында ЖАМУ атайын Кытайдан 10 окутуучу алып келген.