Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!

Урматтуу “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери, Сиздерди өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө 34 жыл толушу менен чын дилимден куттуктайм! Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, билимдүү жаштарды тарбиялоодо сиздердин да салымыңыздар эбегейсиз. Кыргызстанды ар тараптан өнүккөн, күчтүү өлкөгө айландырып, келечек муунга калтырып кетүү максатыбызга сөзсүз бирге жетебиз. Бүгүнкү күндө өлкө башчысы жогорку окуу жайларга өзгөчө көңүл буруп, мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлүүдө. Бул агартуу тармагында эмгектенген ар бир кызматкерге изденүүгө түрткү берет. Заман талабына ылайык билим берип, дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттерден кем калбай мыкты адистерди чыгаруу менен өлкөгө салым кошуп жатасыздар. Андыктан жалпы жамаатка чыгармачылыкты, ынтымактыкты, биримдикти жана ийгиликтерди каалайм. Кыргызстаныбыздын келечеги жарык, эли ынтымактуу болсун. Бизден билим алып жаткан студенттерибиз мекенибиздин өнүгүүсүнө салым кошкон чыгаан жаштардан болуусуна тилектешмин.
Көз карандысыз, эркин мамлекетте жашап жатканыбыз баа жеткис бактыбыз, эгемен Кыргызстан – ар бирибиздин сыймыгыбыз!
Кут болсун эгемендүүлүк күнү!
“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин ректору К.Ж. Усенов