ЧЕТ (АНГЛИС) ТИЛИ ПРОФИЛИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин чет (англис) тили профилинин 4-курсунун бүтүрүүчүлөрүнө англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Д.Керимбердиева жана Г.А.Орозбаева тарабынан сурамжылоо жүргүзүлдү. Иш-чаранын максаты билим берүү шарттарын жана сапатын баалоо, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу тажрыйбасын жана алган билиминин колдонулушун изилдөө болду. Сурамжылоого бүтүрүүчүлөр катышып, билим берүүнүн сапаты, мазмуну, практикалык даярдык жана окуу шарттары боюнча өз пикирлерин билдиришти. Иш-чара кафедранын билим берүү процессин, студенттердин кесиптик даярдыгын жакшыртууга жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда ийгиликтүү жумуш ордуна ээ болушуна көмөк көрсөтүүгө багытталат.