1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Жумуш ордунда окутуу жакшы ийгиликтерди жаратууда 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучулары Торомаматова Миргул жана Жолдошева Зарипа ЧТ-1-22 тайпасынын студенттери менен шаарыбыздын Р.Санатбаев атындагы №9 орто мектепке жумуш ордунда окутууну ишке ашыруу максатында келишип жатышат. Бүгүн оозеки кептин практикуму предметинен тексттин үстүндө иштөө жаңы сөздөрдү үйрөнүү үчүн көнүгүүлөрдү өтүштү. Студенттер топтордо, жуптарда кызыгуу менен иштешти. Окуучулар да ынтызарлык менен сабакка катышып жатышты. Мындай көрүнүш студенттерибиздин жакшы адис болуп чыгышына өбөлгө түзүп чоң пайда келтирет деген үмүттөбүз.